Биз менен байланышыңыз

УКМК кызматкерлери майыптыгы бар балдарды куттуктады

Кыска кабар | 1 Июн 2024 | 179 | 0

УКМК кызматкерлери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Бишкектеги «Оберег» реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын «Балдарды коргоонун эл аралык күнү» менен куттуктады.

Буга чейин УКМК төрагасы Ташиевдин дарегине «Оберег» реабилитациялык борборунун кызматкерлери кайрылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан борборго мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүнү суранышкан.

«Оберег» реабилитациялык борбору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга коррекциялык жардам көрсөтүүгө жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

Учурда «Оберег» РБда 50 тарбиялануучу бар, анын ичинен 20 адам 24 сааттык тайпада (5 жана 7 күндүк). Ал эми 8 адам туруктуу жашайт (2 жетим бала реабилитациялык борбордун толук камкордугунда).

Ташиевдин тапшырмасынын негизинде УКМК тарабынан реабилитациялык борборго материалдык жардам көрсөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM