Биз менен байланышыңыз

Медайымдын көйгөйү — айлыгынын аздыгы

Ден соолук | 17 Ноя 2020 | 1535 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги «Медайымга рахмат айт» аталышында маалыматтык өнөктүк баштады. Ал 16-ноябрдан 21-ноябрга чейин уланат. Бул иш-чара Кыргызстанда медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналарын жана мунун алкагында медайымдардын онлайн форуму өтөрүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлназ Ажымамбетова билдирди.

«Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму 2020-жылды медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылы деп жарыялады. Буга чейин жыл сайын 12-майда медайымдар күнүн белгилеп келгенбиз. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша медайымдар күнүнө карата пландалган иш-чараларды өткөрө албай калганбыз. Мындан улам азыр «Медайымга рахмат айт» аталышындагы өнөктүк өткөрүп жатабыз. Өнөктүтүн алкагында медайымдарды сыйлоо, сый акыларды берүү каралган. Андан сырткары «Ардак грамоталарды» жана «Саламаттыкты сактоонун мыктысы» деген наамдарды берүүнү да караштыруудабыз. Мындан сырткары, 19-ноябрда онлайн форматта 500гө жакын медайымдын катышуусунда форум өткөрүү планда бар».

«Медайымга рахмат айт» маалыматтык өнөктүгүнүн алкагында маалымат каражаттарында жана коомдук жайларда социалдык жарнамаларды жайгаштыруу, медайымдардын негизги көйгөйлөрүн көтөрүп чыгуу пландаштырылууда.

Ал эми атын атагысы келбеген медайымдардын бири бейтаптын ден соолугу үчүн медайымдар ар бир миллилитр дарыга так болуш керек деп эсептейт. Анын айтымында, медайымдардын айлыгы көбөйгөндүн ордуна, тескерисинче, акыркы бир жылда азайып кеткен.

«Былтыр январь айынан баштап айлыктарыбызды азайтып коюшту. Акыркы 2-3 айдан бери айлыктарыбызды таптакыр кыскартып салышты. Мен бир жыл мурун 9-9,5 миң сом айлык алсам, азыр 7-7,5 миң сом айлык алып калдым. Акыркы 2-3 айдан бери такыр эле түшүрүп, 6 миндей алып калдым. 6 миң сом эмнебизге жетет? Айла жоктон жеке менчик клиникаларга барып иштегенге туура келип жатат. Биздин көйгөйүбүз эле ошол, айлыгыбызды бир аз болсо да көбөйтүп койсо жакшы болот эле». 

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бүткүл медицина тармагын комплекстүү карап, кандай маселе болбосун, медайымдар менен эсептешүү керек дейт. Анын айтымында, алардын коомдогу орду медициналык кызматтын сапатына түздөн-түз тиешелүү.

«Бүгүнкү күндө медицина тармагын медайымдарсыз элестетүү кыйын. Анткени дарыгер көрөт, керектүү дары-дармекти жазат. Ал эми сыркоолуу менен түздөн-түз байланышта болуп, аны ишке ашырган — медайым. Анын маанайы, сапаты, квалификациясы бүткүл коомдогу орду — медициналык кызматтын сапатына түздөн-түз тиешелүү, ошого байланыштуу. Пандемия учурунда медайымдардын кадыр-баркы көтөрүлүп жаткандай, бирок ошол медицина тармагынын көйгөйлөрүн же ийгиликтерин айтып жатканда, медайымдарсыз кабыл алууга мүмкүн эмес. Бүгүн эгерде маянаны көтөрө турган болсо, медайымдардын айлыгын көтөрүү керек. Алардын шартын жакшыртуу керек болсо, дүйнөлүк стандартта заманбап кандай кызмат берүүгө аракет кылса, ошондой шартты түзүү зарыл. Бүткүл медицина тармагын комплекстүү карап, кандай маселе болбосун, медайымдар менен эсептешүү керек».

Коронавируска каршы күрөшүүдө өкмөттүн ишине ыктыярчы катары жардам берип келген жарандык активист, алып баруучу Эркин Рыскулбеков кайсыл медайымга болбосун, ырахмат айтуу менен бирге, «Марал» радиосу аркылуу бир медайымга белегин берип жибере тургандыгын билдирди.

«Бир таксиге отурсам, тез жардам кызматында иштеген фельдшер айдап жүрөт. Айлыгын сурасам, 7-8 миң сом дейт. Эң көп болду дегенде 9 миң сом дейт. Медайымдардын айлыгы да ошол эле тегеректе, бирок ошого карабастан, өзүнүн жашоосун тобокелчиликке салып иштеп жатышат. Алар бир күндө бир нече жолу бейтаптар менен байланышып турат, бейтаптын сакайып кетүүсү ошолордун жылуу сөзүнө, уколду туура сайып, капельницаны туура коюп бергенине көз каранды. Ошондуктан медайымдарга ырахмат айтабыз. Ар бир айыккан бейтаптын ырыскысы медайымдын үй-бүлөсүнө кошо жуксун».

2020-жылы өлкөнүн калкына медициналык-профилактикалык жардамды 2 миң 428 акушер, 1 миң 450 фельдшер, 25 миң 597 медайым көрсөттү. Алар өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумунун кадрдык ресурстарынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт.

2019-2023-жылдарга карата өлкөдө билим берүүнү жана медицинаны өнүктүрүү программасы бекитилген. Учурда саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары бейтаптарга стационарда жана үй шартында квалификациялуу жардам көрсөтө алган медайымдарды даярдоо болуп саналат. Мындан тышкары, дарыгерлердин айрым милдеттерин медайым адистерине өткөрүп берүү пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM