Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан 23 млн доллар чыгарууга шектүү кармалды

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 434 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдөгү акча өлкөдөн чыгарылып кеткенин аныктады. Мекеменин маалыматына караганда, 23 миллион доллардан ашуун акчаны (1 млрд 633 млн 563 миң 970 сом) мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.

Бул акча товар үчүн төлөм катары көрсөтүлгөн. Тергөөнүн жыйынты боюнча Кыргызстандын аймагында иш алып барган кылмыштуу топ бюджетке 347 млн сом зыян келтиргени тастыкталды.

12-ноябрда кылмышка шектүү катары «Т.М.» аттуу жаран кармалды. Ал өлкөдөн акча чыгарып турган. 14-ноябрда кармалган адамдын баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө ишинин алкагында бул кылмышка шектүүлөрдү издөө уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM