«Сугат жана айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө» жана «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, 13-ноябрда президенттин милдетин аткарып турган өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду. Аталган жарлыктын негизинде айыл чарба багытындагы жерлерге турак жай курган жарандардын үйлөрүн мыйзамдаштырууга жол ачылганын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары Абдулат Мурзаев маалымдады.
Анын айтымында, аталган мыйзам № 512 токтом менен 2009-жылга чейин эле кабыл алынган. Мунун негизинде 2009-жылга чейин бөлүнүп берилген, тиешелүү орган тарабынан укук берүүчү документтери (кызыл китеби) бар жер аянты же аталган жылга чейин курулуп жашап жаткан үйлөр мыйзамдаштырылып, мындай укукка 2009-жылдан кийинки жерлер ээ болбой калган. Ушуга байланыштуу кошумча мыйзам Өкмөт тарабынан демилгеленип, кабыл алынды.
«Башында сугат жерлерди трансформациялоого мораторий кирген, ага негиз катары сугат жерлерди трансформациялоого жатпай келген. Бирок биздин жарандар айыл чарба багытындагы жерлерге мамлекеттик акт алдык деп, үйлөрдү курган фактылар бар. Жалпысынан алганда, Кыргызстан боюнча 11 миңдей жарандын ошондой үйлөрү бар. Ушул күнгө чейин ошолорду мыйзамдаштыруу жолун таппай келген. Жапаровдун жарлыгы менен ошол жерлер мыйзамдаштырылат. Жерлерди трансформациялоо боюнча № 169 токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Анын негизинде 2018-жылга чейин турак жай салып алган жер участоктору кирет, ошол эле учурда турак жай бөлүп берилди деген мамлекеттик актылары бар жерлер да кирет».
Ошондой эле ал аталган жарлыктын негизинде атайын жобо иштелип жатканын кошумчалады. Анда курулуш багытындагы жер аянтын алуу үчүн уруксат кандай тартипте, кандай документтердин негизинде бериле тургандыгы каралат. Андан кийин гана трансформациялоо боюнча документтерди даярдоо башталат. Бүгүнкү күндө мыйзам гана өзгөрдү, башкача айтканда, жерлерди мыйзамдаштырууга жол ачылды. Эми белгиленген тартипте трансформациялоо боюнча иш кагаздары жергиликтүү кеңештерде, айыл өкмөттөрүндө даярдалып, анын негизинде которулат.
Чындыгында үйгө муктаж болгондор да, ошол эле учурда жер мафиясы да бар экендигин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаев айтып, Бишкек менен Ош шаарынын айланасындагы жерлерди өзүнчө бөлүп кароо керектигин кошумчалады.
«Кыргызстан боюнча 30 жылдан бери үйлөр курулуп, бирок трансформация болбой жүргөн айыл аймактарындагы жерлер чечилсе жакшы, бирок Бишкек, Ош шаарларынын четиндеги жерлер да бар. Алар көп жерлерди алып коюп, элдерге сатып, ортодон пайда көргөндөр да бар. Ошол эле учурда кийин адамдын өмүрүнө зыян бере турган жерлердин көбүн басып алышкан. Элдер жашай беребиз деген менен химиялык уулуу заттар болушу мүмкүн. Элдин шары менен чоң жерлери басып алгандар да мыйзамдаштырып алса, мунун ар жагында чоң коррупция бар да. Бишкек менен Ош шаарындагы жерлерди өзүнчө кароо керек. Аталган эки шаардан башка аймактарга жер мафиялары жеткен эмес, чындыгында айыл өкмөттөрү убагында жерлерди берип, кайсы бир себептерден жерлер трансформация болбой калган. Аларга коркпой эле кол койсо болот, себеби ал жерлерде 20-30 жылдан бери эл жашайт».
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов үй салып алгандарды кууп жибере албагандыктан, жөн эле аларды кармап туруунун кереги жок деп эсептейт жана мыйзамсыз жер басып алуунун алдын алуу үчүн жарандардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, түрмөгө камоо каралгандыгын кошумчалады.
«Бул мыйзамды мен өзүм колдогом, себеби элди биз үйлөрүнөн кууп жибере албайбыз. Мамлекетте андай күч жок. Ошондуктан ушундай мыйзамды кабыл алууга бардык. Жөн эле аралды кармап туруунун кереги жок, бул — керектүү мыйзам. Чүй районунда, Бишкекте жана Ошто коррупция менен жерлер берилген, бирок ошол эле учурда жөнөкөй жарандарга сатылып кетти. Кызыл китеп берилбей эле карапайым эл ошол жерде жашап, үйлөрдү куруп алышкан. Жерлерди мыйзасыз сатуу боюнча келечекте иликтөө кылып, чиновниктерди жоопко тартса болот. А бирок жөнөкөй жарандарга тийишпей эле. Ошол эле учурда жерди мыйзамсыз басып алуу боюнча жоопкерчиликти күчөттүк. Мурда айып пул гана болсо, азыр түрмөгө кесилсин деген норманы көрсөткөнбүз».
Трансформациялоо — бул: жерди бир категориядан башкасына же чарба жерлерин бир түрүнөн башкасына которуунун укуктук негиздери. Кабыл алынган мыйзамдын негизинде айыл чарба багытындагы жерлерди, өнөр жай, курулуш багытындагы жерлерге которууга мыйзам чегинде жол берилди. Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий 2009-жылы жарыяланган. Мындан улам бош жаткан жерлерге үй салууга уруксат берүү талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн.
Ушул жылдын 20-январында өкмөт тарабынан мекемелер аралык топ түзүлүп, жерлерди инвентаризациялоонун жыйынтыгында 1711,80 гектар жер такталган. Жогорку Кеңеш жогоруда айтылган мыйзам долбоорун 22-июнда карап, 4-ноябрда кабыл алган. Мыйзамдаштырып алууга уруксат берилген жерлерге Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Ош шаары менен Кара-Суу районунда 2009-жылдан кийин курулуш жүргөн тилкелер камтылган.