Биз менен байланышыңыз

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков пайгамбар жашында (фотобаян)

Блог , Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 2930 | 0

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда 63 жашка чыкты.

Жээнбеков Кыргызстандын тарыхындагы 5-президент. Ал 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 2020-жылы 15-октябрда мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунда туулган.

Билими:

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, адистиги – зооинженер, экономист.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсү

Жумушка келген учур

Президент жана Кыргызстандын биринчи айымы (Германияда)

«Мен үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок»

Сооронбай Жээнбеков

Кытайга болгон иш сапарларынын бири

Согуш ардагеринин үйүндө

Кытай лидери Си Цзиньпин менен Бишкекте


Сооронбай Жээнбековдун айылдагы үйү (фото)


Жээнбеков аксакалдар менен

«Мен жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары мамилем болушу мүмкүн, бирок президент катары эч кимге материалдык да, моралдык да карызым жок» 

Сооронбай Жээнбеков

«Жаштар — өлкөнүн канаты, тиреги. Өлкөнүн кыймылдаткыч күчү». 

Сооронбай Жээнбеков

Президент балаты майрамында балдар менен

«Бийликти жүзүм жарык өткөрүп берсем деп тилейм»

Сооронбай Жээнбеков

«Мугалимдер эң сыйлуу адамдар болушу керек»

Сооронбай Жээнбеков

Окуучулар менен

 «Улутубузга, тилибизге, динибизге, саясий позициябызга карабай, баарыбыз теӊ «Мен — кыргызстандыкмын!» деген күчтүү жарандык сезим менен жашоого милдеттүүбүз».

«Кыргызстанда жердин астында да, үстүндө да суу бар, бирок ичүүчү таза суу жок. Ал болбосо, экономика, саламаттык болбойт». 

Орусия президенти Путин менен

Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюнунда

Түркиянын президенти Эрдоган менен

Тажикстандын жана Кыргызстандын президенттери алгачкы ирет чек арада жолугушкан учурда тартылган сүрөт

Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен

Түркмөнстандын президенти Бердымухаммедов менен

Биринчи айым жана президент

Сооронбай Жээнбеков небереси менен

Түркия президенти менен Бишкектеги эң чоң мечиттин ачылыш аземинде

Жамааттык коопсуздук кеңешинин мааракелик сессиясында (Беларусь, Минск, 2017-жылдын 30-ноябры)

«Өлбөс полк» акциясында (Бишкек, 2018-жылдын 9-майы)

Жогорку даражадагы меймандар менен жолугушуу астында (2-сентябрь 2018-жыл, Бишкек)

Германия канцлери Меркель менен Германиядагы иш сапар учурунда

«Бирок маселе канчалык оор болбосун, баарын өзүм чечем. Анткени буга мен өзүм жалгыз жооп берем. Кудайдан сурайм, мени адаштырба деп тилейм»Сооронбай Жээнбеков

Курман Айттагы намаз

Борбор Азиянын эл башчылары менен

Казакстандын Эл башчысы Нурсултан Назарбаев менен

«Мен президент болордо «Бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм», — деп убада берген эмесмин. Мен: «Кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм», — деп сөз бергем. Бир адам үчүн «саткын» аталууга ыраазымын. Элдин кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай мени сактасын»

Сооронбай Жээнбеков

 

Президенттик кызматка киришип жаткандагы ант берүү аземи.

«6 жылда баарына шарт түзүп, андан кийин эл арасында эле жүргүм келет. Кеткенден кийин мен акыл үйрөтүп, кийинки президентти башкарайын деген оюм жок».Сооронбай Жээнбеков

Көчмөндөр оюнунун жабылуу аземи.

Эмгек жолу:

  • 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектебинде мугалим;
  • 1977-жылдын июнь айынан 1983-жылдын ноябрь айына чейин – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда студент;
  • 1983-жылдын ноябрынан 1988-жылдын ноябрь айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы Совет совхозунда башкы зоотехник;
  • 1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын август айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору;
  • 1989-жылдын августунан 1993-жылдын сентябрына чейин – Ош облусунун Ульянов атындагы совхозунун партиялык комитетинин катчысы, директору;
  • 1993-жылдын сентябрынан 1995-жылдын май айына чейин – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунун башкармасы, башкармалык төрагасы;
  • 1995-жылдын май айынан 2000-жылдын апрель айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы;
  • 2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары;
  • 2005-жылдын март айынан 2006-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агро өнөр жай комплекси жана экология боюнча комитети, депутат, төрага;
  • 2006-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын май айына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат боюнча комитетинин төрагасы;
  • 2007-жылдын май айынан декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
  • 2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин – жеке ишкер;
  • 2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын август айына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторунун милдетин аткаруучу;
  • 2012-жылдын август айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • 2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
  • 2016-жылдын 23-мартынан Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 2016-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
  • 2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүүгө арыз берген;
  • 2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен;
  • 2020-жылдын 15-октябрында президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Аткаминерлер президентти куттукташты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM