Биз менен байланышыңыз

Аткаминерлер президентти куттукташты

Коом | 16 Ноя 2018 | 1343 | 0

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Өлкө башчынын өздүк майрамына карата бир катар аткаминерлер куттуктоо сөздөрүн айтты. 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Бул күнгө карата өлкө башчыга башка мамлекеттин президенттеринен куттуктоолор келе баштайт.

Ал эми Кыргызстандагы аткаминерлер да Жээнбековдун өздүк майрамына карата куттуктоо сөздөрүн билдиришти.

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент калыстык кыла турган жашына келип калганын белгилеп, мурунку мамлекет башчылардын жолун жолдобоого чакырды.

-Кыргызда 60тан өткөндө пайгамбар жашка жетиптир деп коет. Ошондой эле калыстык кылып, аксакал болуп жаштарга жол көрсөтө турган убакыт. Ошондуктан президентке кааларым ден-соолук, мурунку башчылардын жолун жолдобой, элди жакшы жакка алып бара турган, калк ыраазы болгон реформаларды баштасын. 

Президенттин аппаратынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбеков 60 жылдык юбилейинде жумуш ордунда болот. Майрамды кечинде үй-бүлөсү менен өткөрөт.

Укук коргоочу Рита Карасартова Сооронбай Жээнбеков жөн жерден президент болуп калбаганын айтып, ал элге кызмат кыла турган жашка келгенин белгилейт.

-Сиз президент болуп турган кезде Кыргызстанда орчундуу маселелер боюнча реформа жүрүп кетет деп ойлойм. Сизден күтө турган реформа бул бийлик ортосундагы тең салмактуулукту орнотуп кеткенге өбөлгө түзөт. Буга сиздин түзмө-түз мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эгерде УКМКнын реформасын жасасаңыз тең салмактуулук кайра орнолот. Ага Баш мыйзамга деле өзгөртүү киргизүүнүн кереги жок. Сиздин эле саясий эркиңиз жетиштүү болот. Ушундай орчундуу иштерди жасай турган болсоңуз биз сизди ар тараптан колдоп, ишиңиз тарыхта калат.

Сооронбай Жээнбековду жакындан билгендер аны саясатта чырлуу иштерге аралашпаган, түз жүргөн, адамгерчилиги менен калк арасында аброй күткөн киши катары сыпатташат.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Жээнбековго ден соолук каалап, кызматын татыктуу аткарышына тилектеш болду. Анын пикиринде, президенттин ийгилиги Кыргызстанга жакшылык алып келет.

-Урматтуу Сооронбай Шарипович, урматтуу президент! Бүгүнкү 60 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сизге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.  Татыктуу иштеп, беш жылдан кийин эл шайлаган президентке кызматыңызды өткөрүп берип, элдин арасында жүрүп, жамандыкка аралашпай, ийгиликтер сизди коштоп жүрсүн. Сиздин ийгиликтериңиз кыргыз элибизге жакшылыктарды алып келиши керек. Жакшылык болсун дайыма.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошова өлкө башчысы жетекчилик кызматтарда оор учурларды башынан өткөргөнүн белгилеп,  эл ишенимине кирип, президенттик кызматка отурду деди.

-Урматтуу Сооронбай Шарипович, бүгүнкү туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктайм! 2010-жыл кыргыз эли үчүн оор жыл болду. Апрель, июнь окуясы учурунда сиз Ош облусунун губернатору болуп турдуңуз. Сиз Мелис Мырзакматов менен биргеликте ошондой аппааттуу күндөрдү башыңыздан өткөрдүңүз. Эч сыңбадыңар, канчалык кыйынчылык болбосун эл менен оор жоготууларды көтөрө алды. Ушундай өкүнүчтүү күндөрдү өткөрүп, эл ишенимине кирип, президенттикке отурдуңуз.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал  көп балалуу үй-бүлөдө өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM