Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбековдун айылдагы үйү (фото)

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 14103 | 0

Бүгүн президенттик кызматын расмий түрдө тапшырган Сооронбай Жээнбековдун кичи мекениндеги үйүнүн сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Тактап айтканда, тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун кичи мекени Кара-Кулжадагы үйүнүн сүрөттөрүн жүктөгөн. Ал бул сүрөттү мындан 50 күн мурда Кара-Кулжа районуна барганда тартып алганын жазган.

Ал: «Бул үй — бүгүн эле кызматтан кеткенин билдирген Сооронбай Шариповичтин Кара-Кулжадагы үйү. Туура үч жылдан бери бул үйүнө барып кеңири уктай да элек болчу. Ага протокол деген балекет жол берчү да эмес. Эми өз кызматынан элинин амандыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты өйдө койгон ээсин бул үй чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Өз өлкөсүнөн өңгө жака качып баш калкалап калбаганына, түбөлүк зарыга күттүрбөгөнү үчүн жансыз үйгө жан бүтүп сүйүнүп жаткандыр…» — деген пикир калтырган.

Кошумчалай кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламент жыйынында кызматын расмий түрдө тапшырып берди. Ал мындан кийин эмне иш менен алек болору азырынча белгисиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM