Биз менен байланышыңыз

Азербайжан Калбажар районунан армян аскерлерин чыгаруу мөөнөтүн узартууга макул болду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 485 | 0

Баку Тоолуу Карабахтагы Калбажар (армянча «Карвачар») районунан армян аскерлерин жана калкын чыгарып кетүү мөөнөтүн 25-ноябрга чейин узартууга макул болду. Бул тууралуу Азербайжан президентинин тышкы саясат маселелери боюнча жардамчысы Хикмет Гажиевге таянып, Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Хикмет Гажиевдин айтымында, Армения мындай өтүнүчүн Орусия аркылуу билдирген. Калбажар районунан Арменияга кеткен жалгыз гана жол болгондуктан, аскерлерди белгиленген мөөнөттө чыгарып кетүү мүмкүн болгон эмес.

Азербайжан, Армения жана Орусия кол койгон Карабахтагы согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашууга ылайык, армян аскерлери Калбажар районунан 15-ноябрга чейин чыгарылып кетиши керек болчу.

Азербайжандын Коргоо министрлиги бул районго өз аскерлерин жайгаштырууну пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM