АКШ президенти Дональд Трамптын атактуу «Үйдө жалгыз-2» тасмасына кантип тартылып калганы тууралуу режиссёр Крис Коламбус айтып бергенин чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, «Үйдө жалгыз-2» тасмасын тартуу үчүн Трампка таандык «Plaza» мейманканасы тандалып алынган. Бирок Трамп тартуучу топко: «Мейманканада тартуунун бирден-бир жолу — эгер мен тасмага катышсам», — деген талап койгон.
Режиссёрдун айтымында, «Үйдө жалгыз-2» тасмасынын биринчи көрсөтүүсү көрүүчүлөргө жаккандыгына байланыштуу, ал Трамп катышкан эпизодду калтырууну чечкен.
1992-жылы тартылган «Үйдө жалгыз-2» фильми ошол жылы эң көп киреше тапкан экинчи тасма болуп саналат. Тактап айтканда, АКШда 173 миллион доллардан ашык каражат чогултуп, дүйнө жүзү боюнча 359 миллион доллар киреше тапкан.