Биз менен байланышыңыз

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 263 | 0

Бүгүн, 15-ноябрда Молдова өлкөсүндө президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.

Шайлоо тилкелери Кишинев убактысы боюнча таңкы 7ден тартып ачылган. Учурда шайлоочулардын жарымынан көбү добуш берүүгө келгенин Молдова Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Добуш берүү кечки саат 21:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-ноябрында өткөн Молдованын президентин шайлоодо 9 талапкердин бири да жетиштүү добуш топтой алган эмес. Натыйжада, шайлоочулардын 36,6 %ынын добушун алган оппозициялык «Аракет жана тилектештик» партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Майя Санду жана 32,61 %ынын добушун алган учурдагы президент Игорь Додон экинчи айлампада ат салышары белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM