Биз менен байланышыңыз

АКШ полициясы митингчилерди калемпир чачып таратты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 338 | 0

Вашингтон полициясы Трамптын жактоочулары жайгашкан мейманканын алдынан солчул активисттерди кууп таратты. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, Трамптын тарапташтары учурдагы президентти колдоо маршына катышуу үчүн жана «таза шайлоо» өткөрүү талабы менен ар кайсы штаттан Вашингтонго келишкен. Жогорку Соттун имаратынын алдындагы митинг Байдендин тарапташтары менен Трамптын тарапташтарынын кайым айтышуусун эске албаганда, дээрлик тынч өткөнүн маалымдаган «РИА Новостинин» АКШдагы кабарчысы.

Жөө жүрүшкө чыккандардын бардык маршрутун жана митинг болгон жерлерди полициянын атайын отряды тыкыр көзөмөлгө алып турушкан. Жүрүш аяктаганына карабай, жаңжал чыгарууга аракет жасаган эки адамды полиция кызматкерлери кармап кеткен.

Трамптын тарапташтары андан кийин учурдагы президенттин жактоочулары жайгашкан «Capital Hilton» мейманканасына барышкан. Ал жерден чагымчыл күчтөр да аралашып, демонстранттар мейманкананын алдындагы машиналарды талкалай башташкан. Мындан улам Вашингтон полициясы митингчилерге күч колдонуп, калемпир спрейин чачып таркатууга аргасыз болушкан. Жаңжалдын баштоочулары катары бир нече адамды полиция бөлүмдөрүнө алып кетишкен.

Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Анда «Республика» партиясынан учурдагы президент Дональд Трамп, «Демократтар» партиясынан Жо Байден президенттик кызматка ат салышкан. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Жо Байдендин жеңишке жеткени маалымдалган. Бирок президент Дональд Трамп бул жыйынтыкты тааныбай турганын билдирип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM