Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга каржылык жардамды калыбына келтирет

Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 553 | 0

Орусия Кыргызстанга каржылык жардамды акырындык менен калыбына келтирет. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Москва шаарында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков менен Орусия президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак жолугушкан.

Анда Орусия тарабынан Кыргызстанга каржылык жардамды калыбына келтирүү боюнча макулдашуу болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Артем Новиков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын ички саясий абалын турукташтырууда Орусиянын өзгөчө ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптардын митингдери башаламандык менен коштолуп, өлкөдө абал туруксуздашкан. Буга байланыштуу Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтоткон.

Copyright © 2017 Maral FM