Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трамп шайлоо учурунда Конституция бузулган деп эсептейт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 332 | 0

Экинчи мөөнөткө ат салышып жаткан АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына «АКШдагы президенттикке талапкерлерге добуш берүү учурунда Конституцияны бузууга жол берилген», — деп жазды.

Трамптын айтымында, шайлоодогу добуштарды бурмалоо максатында «Республика» партиясынын өкүлдөрүн добуш саноо тилкелерине киргизбей коюшкан. Ушундай эле бурмалоолор Жоржия, Пенсильвания, Мичиган сыяктуу бир катар штаттарда орун алган. Трамп бул боюнча көптөгөн далилдери бар экенин билдирип, сөзүнүн соңун «Бул — Конституцияга каршы!» — деп жыйынтыктаган.

Ал арада АКШнын 3-округунун Апелляциялык соту Трамптын тарапташтары тарабынан жазылган арызды кароодон баш тартты. Маалым болгондой, арызда Пенсильвания штатындагы почта аркылуу берилген 9 миң 300 добушту эсепке алууга тыюу салуу өтүнүчү жазылган. Апелляциялык сот бул шайлоочулардын укугун тебелөө катары караларын, ар бир келип түшкөн добуш саналуусу керектигин билдирген.

Белгилей кетсек, АКШдагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 2020-жылдын 14-декабрында жарыяланып, жаңы президенттин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM