«Сугат жана айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү документке 13-ноябрда президенттин милдетин аткарган өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзам 2020-жылдын 4-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Максаты:
— мыйзам күчүнө киргенден кийин сугат айдоо жерлеринин жер участкаларында жеке турак жай үйлөрүн мыйзамсыз курган жарандардын көтөргөн маселелерин чечүү;
— айдоо жерлерин айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга жараксыз же жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы бар сугат жерлерин которууга (трансформациялоого) мүмкүндүк берүү;
— айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу үчүн жаза каралат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта он күндөн кийин күчүнө кирет.
Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий 2009-жылы жарыяланган. Айыл чарба багытындагы жерлерине үй салууга уруксат берүү талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн.
2020-жылдын 20-январында өкмөт тарабынан мекемелер аралык топ түзүлгөн. Жерлерди инвентаризациялоонун жыйынтыгында 1711,80 гектар жер такталган.
Жогорку Кеңеш жогоруда айтылган мыйзам долбоорлорун 22-июнда караган. Анда Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Ош шаары менен Кара-Суу районунда 2009-жылдан кийин курулуш жүргөн тилкелер камтылган.
Мыйзам Закон
Мунаргул
17.03.2023 16:14
Эл кыйналып буттук качан турак жайга жетебиз качан бересинер берсенер да байлар неберелерине чейин алат алардан ашса алабыз болобо жок участок сурап чарчадым беришпейт участок берсе миграция аз болмок 0700042811