Түштүк Корея өкмөтүнүн пландарына ылайык, аба транспорту 30-50 чакырымга чейинки аралыкты 20 мүнөттө басып өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү m.korea.net маалымат булагы жазды.
Сеулдун борборунда дрон-такси сыноодон өткөрүлдү. Учуучу унаа жети мүнөткө жакын абада болуп, 3,6 чакырымды басып өттү.
Сыноо Кореянын аба кыймылын башкаруу тутумун жайылтуу боюнча өкмөттүн көргөзмө иш-чарасынын алкагында жасалган.
Өкмөт шаардык аба транспортун ишке киргизүү менен жол тыгындарды азайтууга ниеттенүүдө.
Автономдуу эки орундуу дрон-таксини кытай компаниясы иштеп чыккан. Түштүк кореялык уюмдар мындай учуучу-унаанын прототиптерин түзүү менен алектенишери айтылат.