Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош аба каттамы 4 сааттан бери учпай турат

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 890 | 0

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарынан Ош шаарына уча турган «Авиатрафик» компаниясынын учагы 17:00дөн бери кармалып турат. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдүн бири кабар берди.

Маалым болгондой, 17:00гө белгиленген каттам белгисиз себептерден улам 18.40та учары жарыяланган.

«Айтылган саатта да учкан жок. Бир саат мурун орун ала берүүбүздү өтүнүшкөн. Эми учактын ичинде күтүп отурабыз. Арабызда улгайгандар, жаш балалуулар да бар. Күтүп жатканыбызга 4 саатка жакындап калды», — дейт бүгүн Ошко учууга камданган жүргүнчү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM