Бүгүн, 13-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаров бир топ кадрларды алмаштырды.
-Ош облусунун Алай районунун акими Замирбек Молдокулов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Анын ордуна Алтынбек Болбур уулу Алай районунун акими болуп дайындалды.
-Нарын районунун акими Курманбек Кудайбергенов берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, ордуна Алтынбек Сенирбаев дайындалды.
-Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиктин директору Мирслав Аманкулов кызматтан алынып, ордуна Динара Кутманова келди.
-Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Нурдөөлөт Рысбеков иштен бошотулуп, бул кызматка Тимурлан Кысанов дайындалды.
Учурда президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышарын, ал үчүн 14-ноябрга чейин ыйгарым укуктарын өткөрүп берерин айткан.