Биз менен байланышыңыз

Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү 

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 577 | 0

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары талкууланды.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Казакстан менен саясий кызматташуусун бекемдөөгө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгендигине ишендирди.

Жапаров эки өлкө ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгиледи.

Бүгүн Садыр Жапаров бир топ кадрларды алмаштырды

Учурда президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 25-октябрда, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышарын, ал үчүн 14-ноябрга чейин ыйгарым укуктарын өткөрүп берерин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM