Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшырды

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 1060 | 0

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров «Кыргызтест» мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшырды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекеттик тил сынагы беш субтесттен турат.

Ал лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт.

Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM