Биз менен байланышыңыз

АКШ Кыргызстандагы шайлоолордун өтүшүнө каражат бөлөт

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 683 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Кыргызстандагы президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө жардам көрсөтүү ниетин билдиргенин элчиликтен маалымдашты.

Маалым болгондой, каражат шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө, ЕККУнун байкоочулары тарабынан сунушталган эрежелердин так сакталышына салым кошуу, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоолорду көз карандысыз, акыйкат өткөрүп алуусуна шарт түзүү максатында бөлүнөт.

«USAID Кыргыз Республикасын көз карандысыз демократиялык мамлекетти куруусу үчүн 1990-жылдардын башынан бери колдоп келе жатат. Учурда биз Кыргыз Өкмөтүнө, анын элине жана жарандык коомдоруна, демократиялык институттарды түптөөгө, адам укуктарын коргоого, эркин жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө жардам берүү ниетибизди тастыктайбыз», — деп айтылган маалыматта.

Ошондой эле АКШ Кыргызстандан саясий туруктуулукту жана экономикалык гүлдөп-өсүүнү камсыз кыла турган ачык-айкын демократиялык башкаруунун, жандуу жарандык коомдун жаңы доорун күтөрүн билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM