Кубанычбек Кадыров президенттикке катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.
Кадыров Кубанычбек 1970-жылы 13-октябрда төрөлгөн. «Чындык» саясий партиясынын лидери.
Ал Жогорку Кенештин IV чакырылышынын депутаты болгон. Ошондой эле Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген.
Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.