Биз менен байланышыңыз

Жапаров ШКУнун өнүктүрүү банкын жана фондун түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 328 | 0

Экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун өнүктүрүү банкын жана фондун түзүү керек. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 10-ноябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында айтты.

Жапаровдун пикиринде, ШКУнун алкагында бардык негизги багыттар боюнча кызматташуу үчүн олуттуу укуктук-ченемдик база түзүлгөн. Ага карабастан соода-экономикалык тармакта алгылыктуу натыйжалар аз.

Жапаров буга байланыштуу, ШКУнун 20 жылдыгына карата конкреттүү чечим кабыл алуу үчүн, каржы министрликтери аркылуу ишти активдештирүү зарыл экенин айтууда.

«Дүйнөдөгү азыркы оор мезгилде уюмга мүчө мамлекеттердин элине бириктирүүчү факторлор керек. Биз эл аралык мамилелерде «Шанхай рухунун» принциптерин жайылтууну толугу менен колдойбуз. Биз «Адамзаттын бирдиктүү тагдыры — жамааты», «Бир алкак — бир жол», «Евразиялык ири өнөктөштүк» сыяктуу жаратмандык демилгелерди жайылтууну маанилүү деп эсептейбиз. Алар биргелешип өнүгүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташууга карата багытталган», — деди Садыр Жапаров.

10-ноябрда ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына ШКУга мүчө-мамлекеттер: Орусия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы жана Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору, байкоочу мамлекеттердин атынан Ооганстан, Иран жана Монголиянын башчылары жана Беларусия премьер-министри катышты.

Copyright © 2017 Maral FM