Биз менен байланышыңыз

Казакбаевдин Түркияга сапары канчалык жемишин берет?

Саясат | 11 Ноя 2020 | 573 | 0

Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. Анда Казакбаев коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө боордош элдин Кыргызстанга көрсөткөн каржылык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстанда жеңил эмес саясий кырдаал түзүлүп турганда боордош түрк элине келип кетүү сунушун бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргызстан-Түркия стратегиялык өнөктөш эле эмес, бир тууган мамлекет. Кыргызстан эгемендикке ээ болгон күндөн баштап, аны биринчилерден болуп тааныган өлкө да — Түркия. Мындан ары да кызматташтык достук мамилелер улана берет», — деди Казакбаев.

Андан соң Казакбаев Анкара шаарындагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана мекендештер менен жолугушуп, шайлоо жараянындагы мигранттардын орду, виза маселелерин талкуулашты.

Министр буга чейин иш сапары менен кошуна жана өнөктөш өлкөлөрдө болду. Бирок айрым саясатчылар, серепчилер учурда көп өлкөлөр Кыргызстандын жаңы бийлигин таануудан карманып турушканын айтып, тышкы саясат оор абалда деп баалашат. Руслан Казакбаев мындай пикирлерди четке кагып: «Андай болсо соңку сапарлар болмок эмес», — дейт.

Саясат талдоочулар мындай кырдаалда тышкы мамилелерди тезинен жолго салуу керектигин белгилешет. Саясий серепчи Руслан Жалилов дүйнө коомчулугунда өз орду бар ири державалар менен байланышты жөнгө салуунун зарылдыгын айтты. Анын ою боюнча, Кыргызстан Түркия менен кызматташууга кызыкдар болушу керек. Буга геосаясий жактан да муктаждык жогору.

«Дүйнөдө Түркиянын уникалдуу статусу бар. Биринчиден, Европага жакын мамлекет. Жакынкы Чыгыштагы геосаясий жерди ээлеген мамлекет. Экинчиден, НАТОго мүчө. Андыктан ар тараптуу кызматташуу пайдасын берет», — деди Руслан Жалилов

Бул — Казакбаевдин министр болуп дайындалгандан берки төртүнчү өлкөгө жасаган иш сапары. Буга чейин ал Орусияга, Казакстанга, Өзбекстанга иш сапары менен барган. Анда ал эки тараптуу мамилелерди бекемдөөдөн тышкары өлкө казынасынын жетишсиздигин толтуруу, шайлоолорду өткөрүү үчүн каржылык жардамдарды алуу маселелери каралган.

Саясий серепчи Руслан Жалилов министрликтин тышкы мамилелерди калыбына келтирүүгө арналган алгачкы сапарларында минтип каржылык колдоо сурап жатышын чоң катачылык катары баалайт.

«Биз тилемчилик саясатын эмес, стратегиялык өнөктөштүк саясатын жүргүзүшүбүз керек», — деди Жалилов

Эскерте кетсек, Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри кызматына 14-октябрда киришкен. Анын Түркияга жасаган сапары 11-ноябрда аяктайт. Аталган өлкөнүн Тышкы иштер министри Мевлүт Чавугоглу менен жолукканга чейин Маданият жана туризм министрлигинин өкүлдөрү жана Соода-өнөр жай палатасы жана биржалар биримдигинин төрагасынын орун басары Файык Явуз менен да жолугушуу өткөрдү.

Даярдаган: Дастанбек Каримов

Copyright © 2017 Maral FM