Биз менен байланышыңыз

Бир суткада COVID-19 илдетинен 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 361 | 0

10-ноябрга алынган маалыматка ылайык, COVID-19 илдетинен дагы 3 адам көз жумду. Алардын бири — Ош облусунан, экөө — Бишкек шаарынан.

Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 1185 бейтап көз жумду.

Ушул тапта өлкөнүн ооруканаларында 3444 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 56 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2259 бейтаптын абалы орто, 988 бейтаптын абалы оорураак, 141 бейтаптын абалы өтө оор.

Ал эми 3892 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM