Биз менен байланышыңыз

Армения-Азербайжан: Ок атышпоо келишимине кол коюлду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 783 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын президенттери Тоолуу Карабахта ок атышууну токтотуу боюнча бирдиктүү келишимге кол коюшту. Мындай чечим Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян жана Орусия президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн негизинде кабыл алынгандыгын чет элдик басылмалар жазды.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өзү жана эли үчүн оор чечим кабыл алганын, салгылашуу жүрүп жаткан аймактагы абалды эске алуу менен ушул кадамга барганын белгилеп, муну «жеңиш да эмес, утулуу да эмес» деп сыпаттады. Ок атышпоо келишимине кол коюлганын Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Орусиянын президенти Владимир Путин да ырасташты.

Учурда келишимге макул болбогон Армения жарандары согушту улантууну талап кылышып, парламент имаратын басып алышкан.

Тоолуу Карабахтагы жикчилдер ортосундагы соңку кагылыш сентябрь айынын акырында тутанган. Андан бери кеминде миң киши каза болду.

Тоолуу Карабах 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM