Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров ШКУнун онлайн кеңешине катышат

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 490 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Орусиянын төрагалыгы астында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңешине катышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык зарыл маселелер боюнча пикир алышуу мерчемделүүдө. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюму 2001-жылдын 15-июнунда Кытайдын Шанхай шаарында түзүлүп, ага Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү кирген. Кызматташтыктын негизги багыттары экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илим жана маданият жаатында биргелешкен аракет, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү болуп саналат.

Учурда уюмга Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирген. Ал эми Ооганстан, Беларусия, Иран, Монголия өлкөлөрү байкоочу мамлекет макамына ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM