Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Кыргызстан өзүнүн жаштары менен сыймыктанат

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 425 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө жаштар күнү — эрктүү идеялардын, үмүттүн, оптимизмдин майрамы экенин айтып, Кыргызстан өзүнүн жаштары менен сыймыктанарын маалымдады.

«Мамлекетибиздин эртеңки үмүтү, тилеги жана жаркын келечеги — бул: жаштар, силерсиңер. Кыргызстандын өсүп келе жаткан жаш муундарынын арасында дүйнөдө чоң ийгиликтерге жетишип, бийик чокуларды багындырган жаштардын аз эмес экендиги бизди кубандырбай койбойт. Алардын ар бир жасаган кадамы жана жетишкен ийгилиги Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келет. Жаштар — бул: өлкөбүздү алдыга сүрөп туруучу кыймылдаткыч күч. Биздин ар бир жасаган ийгиликтүү ишибиздин артында жаштар турары талашсыз. Өлкөдөгү болуп жаткан адилетсиздиктин, максатсыз кадамдардын, мыйзамсыз иштердин алдына бөгөт коюп, бийликтен адилеттүүлүктү талап кылган да биздин жаштар болду. Биздин жаш мекендештерибиз өлкөбүздүн экономикалык, коомдук жана аймактык өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп келет. Дүйнөнү түйшөлтүп, адамзатты кооптонтуп турган COVID-19 коронавирус инфекциясы тарап, ушул жыл Кыргызстан үчүн бир топ оор жылдардан болду. Өлкөбүз ушундай татаал шарттарга кабылганда, миңдеген жаш улан-кыздар четте карап турган жок. Алар эрдик жана эрктүүлүк көрсөтүп, өздөрүнүн курбалдаштарына үлгү болуп бере алышты. Жаштар ыктыярчылардын катарын толуктап, бүткүл дүйнө жүзүнө адамдагы эң мыкты сапаттарды кайрымдуулукту, боорукерликти, патриоттуулукту жана айкөлдүктү көрсөтө алышты», — деди Жапаров өз сөзүндө.

Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда жаштарды ар тараптуу колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын, андыктан ар качан жаштардын демилгелерин, инновациялык долбоорлорун колдоп берерин, мамлекеттик кызматтарга жаштарды тартууну улантарын баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM