Биз менен байланышыңыз

Элвира Сурабалдиева: Үч айга жетерлик дары-дармек запасы бар [сүрөт]

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 519 | 0

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Өкмөткө караштуу Материалдык резерв фондунун коронавирус инфекциясына каршы турууга даярдыгы, дары-дармектин запасы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппараттынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Элвира Сурабалдиева буга чейин пандемиянын биринчи толкунунда мамлекет пандемияга даярдыгынын төмөн экени иш жүзүндө далилденип, ооругандардын саны кескин көбөйүп кеткенин белгиледи.

«Кагаз жүзүндө баары жакшы делингени менен иш жүзүндө андай болбой чыкты. Дары-дармектин таңкыстыгы жаралып, керектүү дарылардын баасы 10 эсе көтөрүлдү. Ошондуктан COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн №4 протокол менен белгиленген тизме боюнча бардык дарылардын запасы бар экенин өз көзүм менен көрүүнү чечтим. Пандемиянын экинчи толкуну күтүлүүдө, ал ар кандай респиратордук ооруларды кошо козгошу мүмкүн. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү керектүү дарылардын, жеке коргонуу каражаттарынын запасын түзүүгө жана медициналык мекемелерди кызматкерлер менен толуктоого олуттуу көңүл бурат. 2-3 айга жете турган керектүү дарылардын мамлекеттик запасы түзүлдү. Ал толукталат. Мындан тышкары, республика боюнча дары-дармек базарындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүлүүдө. Эң көп талап кылынган дары-дармектерге баалардын көтөрүлбөшү үчүн чаралар көрүлүүдө. Андыктан мамлекеттик кампалардан тышкары, кызыкдар тараптардын уруксаты менен жеке фармацевтикалык компаниялардын кампаларын да текшеребиз», — деди Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр ириде аймактардагы инфекциялык ооруканаларды жабдуу, анда иштеген медициналык кызматкерлерге керектүү каражаттарды жеткирүү маселеси каралганын, керектүү каражаттар жетиштүү делгени менен алар «кызыл тилкеде» иштеген медициналык кызматкерлерге жетпей жатканын айтып, маселе көзөмөлгө алынганын, жеке тараптардын кызыкчылыгына багытталган иш-аракеттерге катуу чара көрүлөрүн маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM