Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын азайышы Орусиянын эмгек базарына сокку урду

Дүйнө , Коом , Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 776 | 0

Москванын мэри Сергей Собянин коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантин учурунда эмгек мигранттарынын 40 %га жакыны шаардан чыгып кеткендигин айтты.

Бул маалыматты айрым эксперттер да тастыкташты. Алардын айтымында, кыш кыйла катаал болору болжолдонууда. Андыктан тез арада бул көйгөйдү чечпесе, кышта аткарыла турган иштер кыйла аксашы мүмкүн. Мындан айрыкча турак жай жана коммуналдык кызматтар эң көп зыян тартышты. Жетишсиздик курулуш тармагына да кесепетин тийгизип жатканын моюнга алышат.

Орусия Статистикалык комитетинин расмий сайтынан алынган маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында Орусияга мигранттардын келүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 %га азайган. Бул көрсөткүчтөр негизинен КМШ өлкөлөрүнөн келген жарандарга тиешелүү. Өзгөрүүлөр Москвада эң көп байкалды.

Орусиянын Мигранттар Федерациясынын башчысы Вадим Коженов «Немецкая волна» каналына берген маегинде шаар мэри Собянин так санды жарыялабаганын билдирген. Анын айтымында, мигранттар эмес, патент сатуу 40 %га төмөндөгөн. Себеби апрель айында президент Владимир Путин «COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу Россиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук макамын чечүү чаралары жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Июнь айында жарлык дагы үч айга узартылган. Аталган жарлыкта эмгек базарындагы адамдарга документтик жактан, айрыкча патент алуу жагынан кыйла жеңилдиктер каралып, эмгек келишимдин мөөнөтүн узартуу маселеси убактылуу токтоп турары айтылган.

Вадим Коженов чек аралардын ачылышын кырдаалдан чыгуунун кыйла жөнөкөй жана айкын жолу деп эсептейт. Ошондо жумушчу күчтүн жоктугу өзүнөн-өзү чечилиши мүмкүн.

«Чек аралар ачылгандан кийин буга чейин канча мигрант болсо, баары кайтып келет деп ойлойм. Мигранттарды тартуу принциби — бул: оозеки сөз. Эгерде менде 50 адам иштесе, мага дагы 100 адам керек болсо, анда ошол 50 кишини чогултуп, туугандарын, тааныштарын кошо чакыруусун суранам», — деген сунушун берди Мигранттар Федерациясынын башчысы.

Бирок коронавирус пандемиясы улам күч алып, жайылып кетүүсү дале кооптуу кырдаалда тургандыктан, бул ойлонулбаган кадам болуп каларын айрым эксперттер эскертишет. Мисалы, Орусиядагы мигранттардын дээрлик көпчүлүгүн түзгөн Тажикстан менен Өзбекстанда адамда коронавирус бар экенин аныктоо өтө төмөнкү деңгээлде, муну ал жакта өткөрүлгөн анализдердин жетишсиздиги менен түшүндүрсө болот. «Мындан улам өзү менен илдетти кошо ала келип, Орусияга жайылтпайт деп эч ким кепилдик бере албайт», — деген жүйө келтиришет эксперттер.

Даярдаган: Айчолпон Мукашева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM