Биз менен байланышыңыз

«Орто-Сай» базарынан чыккан өрт ондогон ишкерди чыгымга учуратты [cүрөт]

Коом , Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 458 | 0

9-ноябрга караган түнү Бишкектеги «Орто-Сай» базарында өрт чыкты. Түнкү 00:30да башталган тилсиз жоо 2:30да чектөөгө алынып, Таңкы 9да араң өчкөн. Дээрлик 9 саатка жакын күйгөн өрт базарда эмгектенген ондогон адамды соода жайынан ажыратты.

Өрттөн Чыңгыз Молдалиев да жабыр тартты. Түн ортосунда өрт чыкканын угар замат жетип келип, өчүрүүгө аракет кылган. Анысынан майнап чыкпай, 145 чарчы метр аянттагы күркөсү баасы дээрлик 1 жарым миллион сомду түзгөн товары менен кошо күйүп кеткен. Ал 30 жылга жакын убакыттан бери ушул жайды иштетип, үй-бүлөсүн багып келген.

«Негизинен ун, май, күрүч сыяктуу азык-түлүк сатылчу. Тилекке каршы, күркөдөгү бардык товар жараксыз абалга кептелди. Болжол менен 1,6 миллион сомдук товар бар болчу», — дейт Чыңгыз Молдалиев

«Орто-Сай» базарынан өрт чыкканы тууралуу кабар ӨКМге түнкү саат 12ден 18 мүнөт өткөндө келип түшкөн. Көп өтпөй ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери жетип барышкан. Өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү машина, ӨКМдин 35 кызматкери тартылган. ӨКМдин Октябрь райондук бөлүмүнүн өрткө каршы күрөшүү бөлүкчөсүнүн улук офицери Куштар Ташболотовдун айтымында, өрт саат 2ден 16 мүнөт өткөндө чектөөгө алынган.

«Жалпысынан 5 автоцистерна, бир автошаты, бир ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн машинасы, эки «Тез жардам» унаасы, «Түндүкэлектр» ишканасынын бир мобилдик бригадасы жана ИИМдин 50 кызматкери иш алып барды», — дейт Куштар Ташболотов

Өрт 8:55те толук өчүрүлгөн. ӨКМдин Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери Дуулатбек Мураталиевдин айтымында, болжолдуу аянты 1800 чарчы метрди түзгөн азык-түлүк, күндөлүк керектелүүчү буюм-тайымдар сатылган 10дон ашуун күркө, тигүү цехтери күйүп кеткен.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жерде курулуш иштери жүрүп жаткан экен. Электр ширетүүчү жабдыктардын кесепетинен чыгышы мүмкүн. Бирок азыр да такталууда», — дейт Дуулатбек Мураталиев.

Өрттөн жаракат алган жарандар катталган жок. Базар учурда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 50 кызматкеринин көзөмөлүндө. Чыгымдардын эсеби такталып жатат.

Даярдаган: Дастанбек Каримов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM