Биз менен байланышыңыз

Жапаров Нарында: Ар бир жарандын үнүн угайын деп келдим

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 553 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушту. Ал анда сөз сүйлөп жатып, аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканы кыдырып жатканын айтты.

«Элдин үнү эч качан бийликке жетпейт, бурмаланган учурлар да болот, кээде бийлиги бар адамдар көз алдында эмне болуп жаткандыгын билишпейт. Мен ар бир жарандын үнүн угайын, элибиз кандай жашаарын көрөйүн, эмне маселелери бар экенин билейин деп келдим. Мамлекеттик бийлик органдарына болгон элдин ишенимин кайтаргым келет», — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле эл Нарын облусунун калкынын көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, тургундар Садыр Жапаровдон электр энергиясынын баасын төмөндөтүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, жерди трансформациялоо жана социалдык маселелерге өзгөчө көңүл буруусун суранышкан.

Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга эл көтөргөн ар бир маселени кыска убакыттын ичинде чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM