Биз менен байланышыңыз

«Дарак ыры» тасмасы Орусиядагы кинофестивалда сыйлык алды

«Дарак ыры» тасмасы Орусиянын Чебоксары шаарында жакында эле жыйынтыкталган XIII Эл аралык кинофестивалында «Мыкты сценарий» номинациясын жеңип алды. Бул туралуу кинонун режиссеру Айбек Дайырбеков социалдык баракчасына жарыялады.

«Сыйлыкты кесиптеш агам Садык Шер-Нияз экөөбүзгө тапшырышыптыр. Садык байкени, продюсерлер Толкун Дайырбекова, Андрей Епифанов, Таня Петрикти жана кинону тартууга катышкан бардык инсандарды кезектеги жеңишибиз менен куттуктайм! Маданиятыбызды, духубузду, тилибизди көтөрмөйүн, креслоңор дагы, учаңар дагы бир тыйын! А биз, маданият ишмерлери, кыргыздын руху үчүн кызмат кылууга дайым даярбыз!» — деген ой-пикирин калтырган.

«Дарак ыры» тасмасы буга чейин бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM