Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трамптын штабы митинг өткөрүүнү көздөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 420 | 0

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын штабы жана анын тарапташтары бир катар митиндерди өткөрүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу «Axios» порталы жазды.

Маалым болгондой, алар бир катар штаттардагы, айрыкча Жоржия, Аризона, Пенсильвания штаттарындагы добуштарды кайра санатууну көздөшөт. Трамп аталган штаттардын добуштарын санатуу үчүн комиссия түзүүгө да даяр.

Буга чейин өлкөнүн маалымат каражаттары бир катар штаттарда добуш берүүгө «арбактар» да катышканын, алар Трампка добуш беришкенин жазып чыгышкан болчу. Трамп бул боюнча да шайлоо комиссиясына кайрылып, алардын өлгөндүгүн тастыктаган күбөлүктөрүн көрсөтүүнү талап кылууда.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Ага талапкер катары «Республикачылар» партиясынан учурдагы президент Дональд Трамп, «Демократтар» партиясынан Жо Байден ат салышкан.

Байден 7-ноябрда президенттик жарышта жеңип чыкканын жарыялаган. Буга удаа көптөгөн америкалык басылмалар да бир катар шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктарга таянып, «Байден жеңди» деп жазышкан.

Ал эми Трамп бардык добуштарды, анын ичинен «Байден бурмалаткан добуштарды» кайра баштан санатып жатканын, Байденди президент деп атоо эртелик кыларын, себеби айрым штаттардагы жыйынтык эмгиче келе электигин айтууда. Ошондой эле «Америкалыктардын акыйкат саноосу бүтмөйүнчө, күрөштү уланта берем», — деп, алдыда өзүнүн позициясын коргоо үчүн сотко даярданып жатканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM