Биз менен байланышыңыз

Грузия күч түзүмдөрү митингчилерди суу чачып таркатты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 417 | 0

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн нааразычылык акциясынын катышуучулары күч менен таркатылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Кечээ, 8-ноябрда Тбилиси шаарында жайгашкан Грузия Борбордук шайлоо комиссиянын имаратынын алдында грузин оппозициясы уюштурган «Өз добушуңду корго!» нааразычылык акциясы болуп өттү. Митингчилер Грузия БШКсынын төрайымы Тамар Жваниянын кызматтан кетүүсүн, 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоону жокко чыгарып, кайрадан жаңы шайлоо дайындоону талап кылышып, кечки саат 20:00гө чейин убакыт беришкен. Грузин бийлиги бул талаптарды абсурд деп атоодо.

Кечке маал митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылыш чыгып, грузин полициясы митингчилерди суу чачып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонуп таркатты. Бул боюнча Грузия Ички иштер министрлиги: «Митингге чогулгандардын БШКнын имаратынын ичине кирүүгө жасаган аракетине полиция кызматкерлери жол берген жок. Андан соң митингге катышкандар күч түзүмдөрүнө карай таш жаадырышты. Мындан улам биз да суу чачуу ыкмасын колдонууга аргасыз болдук», — деген маалымат берген.

Грузиядагы нааразычылык толкундоолору 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин башталган. Анда бийликчил делген «Грузин кыялы» партиясы 48,23 % добуш алган. Бул оппозициянын нааразычылыгын жаратып, шайлоону тааныбайбыз деген чакырык таштап келишет. Ал тургай, парламентке өткөн оппозициялык партиялар да өз мандаттарынан баш тарткан.

Белгилей кетсек, Грузия парламенттик шайлоосу бул жолу жаңы Башмыйзамга ылайык, тактап айтканда, 150 депутаттын 120сы партиялык тизме менен, ал эми 30у бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Бир мандаттуу округдардын 13үнөн «Грузин кыялы» партиясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен. Ал эми калган 17 округда 21-ноябрда экинчи айлампа өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM