Биз менен байланышыңыз

Таалатбек Масадыков президенттик шайлоого катышпайт (видео)

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 928 | 0

Таалатбек Масадыков 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоо жөнүндө расмий кайрылуу жасады. Ал YouTube каналында президенттик шайлоого катышпай турганын айтты.

Масадыков шайлоого катышпоо чечимин учурдагы бардык аракеттер мыйзамсыз болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, эл аралык коомчулук Кыргызстандагы саясий процесстерди тааныган жок.

Масадыков: Кыргызстандын тышкы саясаты бар деп айта албайм

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага катышуу ниетин өлкө башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да билдирген.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендер — Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев.

Мындан тышкары укук коргоочу, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова да катышары айтылып жаткан.

Масадыков: Азыр Батыш да, Орусия да биз менен кызматташуудан карманып турат

Copyright © 2017 Maral FM