Биз менен байланышыңыз

№71 мектеп: Томолой жетим, шарты оор балдарды окутуп, үйлөнгөнгө чейин колдоо көрсөтөбүз

Пикирлер | 7 Ноя 2020 | 4083 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты  Чыңгыз Жумалиев  №71 мектеп-интернатын Бишкектин балансына кайтаруу маселесин көтөрүп, учурда бул коомчулук арасында талкуу жаратты. Шаардык кеңештин депутатынын пикиринде калк жыш жайгашкан 12-кичирайондо жайгашкан бул мектепте аз сандагы окуучулар окуп жатат. Мындан улам жетим балдар үчүн мектеп катары башка имарат салууну сунуштап, учурда толук ремонттон өткөн, бассейн, спорт аянтчасы бар мектепти шаардын балансына кайра алуу зарыл деп эсептейт. Биз бул боюнча №71 мектеп-интернатынын директору Рустам Атаевге кайрылганыбызыда, ал шаардык кеңештин депутаттары аталган мектеп тууралуу такталбаган маалыматтарды айтканын белгилеп, бизге мектеп тууралуу айтып берди. 

-Рустам агай, азыр шаардык кеңештин депутаттары айтып жаткан мектеп качан интернат болду эле?

-№71 мектеп-интернаты 2014-жылы ошол кездеги КРнын президенти Алмазбек Атамбаевдин жана эл аралык меценат-демөөрчүлөрдүн демилгеси менен Билим берүү министринин катынын негизинде Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылы 19-февралдын 69-токтомунун негизинде бул мектепке интернат статусу берилген. Атайын комиссия ошол учурда текшерип чыкканда, мектеп аябай кейиштүү абалда болгон. 1230 окуучуга ылайыктуу жайда 380 окуучу билим алып келген. Буга атайын Кыргызстан Түркия ортосунда меморандум түзүлүп, мектеп реконструция болгон. Бардык шарттар түзүлгөндөн кийин мектеп-интернат статусу алынган.

-Ошондо №71 мектеп-интернатыны кандай иш алып барат?

-Бул пилоттук программанын негизги максаты Кыргызстандагы оор шартта жашаган, томолой жетим, кароосуз калган балдарды атайын соттун чечими менен ошол мектеп интернатына алынып келинип, шаардык окуучулар менен социализация кылуу. Аларды адаптация кылып, аларга татыктуу билим-тарбия берип, ошондой эле алгачкы кесиптин ээси кылуу менен бирге көп тил билүү программасынын алкагында да иш алып барабыз. Пилоттук долбоор алкагында алгачкы ирет 28 бүтүрүүчү бүтүп, биздин мектеп ошол шаардык интернаттагы окуучулар арасында эң жакшы көрсөткүч көрсөтүп, айрым окуучуларыбыз ЖРТдан 200 бал алган. Ошол 28 бүтүрүүчүбүздүн ичинен 5 окуучубуз чет мамлекетке 100 пайыз бюджеттик негизде окууга өткөн. Алардын бири Пекин эл аралык университетинде бюджетте окуп жатат. Дагы бир окуучубуз Россияда Томский федералдык университетинде окуп жатат. Калган 96%ы өлкөдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып жатышат. Биздин бүтүрүүчүлөр менен иштеген атайын координациялоо тобубуз да бар. Мындайча айтканда, ал балдар окууну бүтүп, үй-бүлөлүү болгонго чейин байланышты үзбөйбүз.

-Мектеп заманбап жабдыктар менен камсыздалганбы? Ал кантип ишке ашты?

-Бизде 14 интерактивдүү доска, интернетке туташкан 44кө жакын компьютер орнотулган. Андан тышкары “Кыргыз-Орус» өнүктүрүү фонду, «Кумтөрдүн» жардамы менен жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосунда мектепке алгачкы кесиптик билим берүү базасын даярдадык. Билим берүү минситрилигинин лицензиясы менен окуучулар 5 түрдүү кесипке ээ болушат.

-Мектеп-интернатынын бир топ имараттары демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынганын айттыңыз. Бул жаатта дагы кандай иштерди алып барып жатасыздар?

-Бүгүнкү күндө мектебибиз толук реорганизация болгондон кийин имарат реконструкция болгон. Дагы бир долбоордун негизинде «Эмаком» курулуш компаниясы менен капиталдык ремонт жасадык. Дагы бири дайыма кызматташтыкты жүргүзүү максатында “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду менен балдарга (ред. томолой жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына) керектүү буюмдарын алып берүү максатынла «Бир демөөрчү — бир окуучу» акциясын уюштуруп келебиз. Анда демөөрчүлөр окуу жылынын ачылышында окуучунун окуу-куралдары жана формасына каржылык колдоо көрсөтөт. Эң жакшы жетишкендигибиз “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду менен Америкага барып кыргыз диаспорасын чогултуп, мекендештердин колдоосу менен 2 заманбап футбол аянтчасын курулган. Ошондой эле балдар үчүн бардык шарты менен акысыз бассейн бар. Азыркы тапта жатакананын курулушуна донорлор изделүүдө.

-Шаардык кеңештин депутаттары аталган мектепте 150дөй эле окуучу окуйт,-деген аргументти айтышууда. Азыркы тапта мектепте билим алып жаткан окуучулардын саны канча? Мектеп жайгашкан райондун окуучулары да барбы?

-Учурда мектеп-интернатыбызда 2020-2021-окуу жылында 993 окуучу окуп жатат. Алардын ичинен 105и интернат окуучулары. Интернаттын быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 95 пайызы ЖОЖдого жайгаштырылды. Бүтүрүүчүлөр менен иштей турган атайын координация иштеп жатат. Алар үйлөнгөнгө чейин көзөмөлдүбүздө болот. 880 шаардын окуучусу микро участоктон окуйт. Көк-Жар айылынан,11-12-Асанбай кичи райондорунан келишет. 1 класстан 11-класска чейин орус, кызгыз тилдеринде билим беребиз.

-12-кичирайондун жашоочулары балдарын аталган мектепке жибергиси келбейт, себеби алардын аттестаттарында «балдар үйү» деп жазылып калат деген да сындар айтылып жатат..?

-Бул сын негизсиз. Биздин мектеп шаарда инернат статусу бар башка окуу мекемелериндей эле иш алып барат. Мисалы, Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназия дагы жатаканасы менен болгону үчүн гимназия-интернат болуп жатпайбы? ал жерден канчалаган атактуу, белгилүү адамдар окуп бүттү. №71 дагы ошол сыяктуу эле мектеп-интернат болуп саналат.

Бишкектеги жетим балдар окуган №71 мектеп талашка түштү

 

Copyright © 2017 Maral FM