Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жетим балдар окуган №71 мектеп талашка түштү

Кыска кабар | 7 Ноя 2020 | 1893 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары №71 мектепти Бишкектин балансына кайтаруу маселесин көтөрүштү. Мындай сунушун депутат Чыңгыз Жумалиев 6-ноябрда БГКнын регламент, этика, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда билдирди.

Жумалиев 2014-жылы жалпы билим берүүчү мекеменин базасында жетим балдар үчүн мектеп-интернаты түзүлгөндүгүн, анда учурда аймактардан 100-150гө жакын бала жашап жаткандыгын айтты.

«12 кичирайондун тургундары балдарын бул жакка жибергиси келбей жатышат. Анткени кийин окуучулардын аттестаттарында балдар үйү деп көрсөтүлүп калат экен», — деди ал.

Анын айтымында, 2014-жылы Түркия тараптан интернатты оңдоого деп 2 миллион АКШ доллары бөлүнгөн.

“Мектептин өзүнүн бассейни жана стадиону бар. АКШда жашаган мекендештер эки футбол аянтчасын куруп беришкен. Балким, биз бул маселени чогуу изилдеп, өкмөткө да тапшырабыз, андан соң мектепти шаарга кайтаруу керек. Ушунча чоң район, бирок мектеби жок. Аларга эң жакын мектеп 11-кичи райондо, бирок алар да көп баланы батыра албайт. Мэрия жетимдерди жайгаштыра турган башка имарат курууну сунушташы мүмкүн. 1 миң 250 орундуу мектепте 150гө жакын окуучу жашап, окуп жатканы акылга сыйбайт ”, — деди БГКнын депутаты Чыңгыз Жумалиев.

Бирок, №71-мектептин жетекчилигинин маалыматы боюнча, 150 бала гана окуйт,-деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал жерде жалпы 2000ге чукул окуучу бар. Алардын көпчүлүгү томолой жетим, ата-энесинин бирөөсү жок болгондор жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары да окуйт.

Copyright © 2017 Maral FM