Бүгүн, 6-ноябрда Ак үйдүн тосмолору алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
4-ноябрда депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганда Ак үйдү айланта курчалган тосмону алып салууну сунуштаган.
Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында 5-6-октябрь күндөрү Ак үйдүн имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын төрагалыгына вице-спикер Мирлан Бакиров дайындалды.
Комиссиянын мүчөлүгүнө бардык министрликтердин, агенттиктердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.