Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жергиликтүү көмүрдүн орточо баасы 4475 сом

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 349 | 0

Парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча өкмөт маалымат берди. Анда белгилүү болгондой, 2020-жылдын 10-октябрына карата республика боюнча 607 миллион тоннадан  ашуун көмүр камдалган.

Анын ичинен калк 89%, бюджеттик мекемелер 100,84%га көмүр менен камсыздалган.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев Бишкек жылуулук электр борборунан жана ГЭСтен өндүрүлгөн  энергиянын өздүк наркы тууралуу сурады. Өкмөттүн өкүлү ЖЭБде өндүрүлгөн энергиянын өздүк наркы 3,60 сом, ал эми Токтогул ГЭСиники 15 тыйын экенин айтты.

Аалы Карашев көмүрдүн баасы кымбаттап жатканын, аны көзөмөлгө алуу зарылчылыгын кошумчалады. Өкмөттүн маалыматына караганда, жергиликтүү көмүрдүн орточо баасы 4475 сом, ал эми импорттолгон көмүрдүн баасы 4612 сом болууда.

Эл өкүлү Дастанбек Жумабеков жарык берүү маселесин көтөрдү. Вице-премьер-министр Равшанбек Сабировдун маалыматында, электр энергиясы үзгүлтүккө учурабайт.

Төраганын орун басары Мирлан Бакиров электр тармагын системалуу түрдө өзгөртүү керектигин белгилеп: «Бул жаатта төрт мекеме иш алып барат, алардын карызы да өтө көп. Андыктан алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүбүз зарыл», — деп кошумчалады.

Эске салсак, ушул айда Бишкектин бир топ аймагында электр жарыгы өчкөн.

«Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКнын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1 млн 110 миң тонна көмүр керек. Учурда кампада 296 миң тонна отун бар. Анын 28 500 тоннасы импорт, 268 миң тонна ата мекендик көмүр. Бул 2 айга жетерлик көлөм.

От казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатканы айтылды. Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM