Биз менен байланышыңыз

25 млн сом зыян. «Кыргыз темир жолунда» кезектеги коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 740 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында кезектеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Аталган ишканада мамлекеттик сатып алууда жана уюштуруу иштеринде коррупциялык схема түзүлгөнү маалым болду.

2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында мамлекеттик ишкананын жооптуу кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, жогорку сапаттагы жыгач шпалдардын ордуна, стандарттарга жооп бербеген сапатсыз шпалдарды жеткирип орноткон. УКМК мындай иш-аракеттер адам өлүмүнө жеткирген темир жол кырсыгына алып келиши мүмкүн экенин эскертет.

Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды.

4-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкектин Биринчи май райондук соту чарбалык субъектинин өкүлү «И.Г.А.»  аттуу жаранды камакка алды.

Copyright © 2017 Maral FM