Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир айда эттин баасы 11 пайызга кымбаттады

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 541 | 0

Кыргызстанда бир ай ичинде эт 11 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин атаандаштык чөйрөсүн талдоо бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова билдирген.

Анын маалыматына караганда, жыл башынан бери уйдун эти 21 %га кымбаттаган. Ал эми акыркы жумада эттин баасы 2 %га жогорулаган. Быйыл январь айынан бери кумшекер 13 %га, өсүмдүк майы 33,9 %га кымбаттаган.

Кумшекер менен майдын баасынын өсүшү — сырттан ташылганына байланыштуу. Негизинен алар Орусия менен Казакстандан алынып келинет. Кыргызстанда Кайыңды кант заводу иштей баштаганы менен өлкө өзүн-өзү камсыздай албайт.

Ал эми эттин баасынын кымбатташы Казакстандын эт жана тирүү малды өлкө сыртына сатууга киргизген чектөөсүнөн улам экени айтылды.

Лариса Шустикованын маалыматы боюнча, мамлекет бааларга байкоо салууда, бирок бааларды базардагы суроо-талап аныктап жаткандыктан, ага кийлигише албайт.

«Ошентсе да эгер кайсы бир товардын баасы бир айдын ичинде 20 %га кымбаттаса, анда мамлекет 90 күнгө мамлекеттик тескөө жүргүзө алат».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM