Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-ноябрдагы жыйыны кворум жоктугуна байланыштуу башталбай турат. Жыйын саат 10:00гө белгиленген болчу.
Бүгүн күн тартибинде 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларга байланыштуу Ак үйдүн имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү жөнүндө маселе каралмак.
Мындан тышкары, өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал, экономика тармактары жана калкты 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн өкүлдөрү маалымат берет.