Биз менен байланышыңыз

Түркия: Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 100гө жакындады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 526 | 0

Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 98 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.

Силкинүүдөн жабыркаган 994 жарандын 847си ооруканадан чыгарылганы кабарланды. Болжол менен 147 киши ооруканада дарыланууда. Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Түркиянын батышындагы Измир шаарында 30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда ондогон бийик имараттар урап калган.

Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген; грек сейсмологдору анын күчү 6.9 деп баалашкан.

Измирде кеминде 20 имараттын кулагандыгы кабарланды.

Жер титирөө чакан цунамини козгоп, Сеферихисардын жээгиндеги көчөлөрдү суу каптады. Грециянын Самос аралында да кыйроо катталып, ал жерде эки адам каза болуп, 19 адам жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM