Биз менен байланышыңыз

Жапаров Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу түрк элине көңүл айтты

Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 790 | 0

Президентnин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

«Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, 30-октябрда Түркиянын силкинүү күчү 6,6 баллга жеткен зилзала катталган. Жер титирөө Грецияны да чарпып, Самос аралынан эки өспүрүм көз жумган. Түркия учурда 25 адам каза болуп, 831 жаран жаракат алганын маалымдады. Бирок ураган үйлөрдөн издөө иштери уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM