Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке катышуу үчүн бир талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алгачкы талапкер “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, ал президенттикке өзүн-өзү көрсөтүүдө.
БШКнын маалыматы боюнча, 14-ноябрга чейин президенттикке катышууну каалаган жарандар арыз бериши керек. 6-декабрга чейин бардык тийиштүү документтер тапшырылып, 1 млн сом күрөө тапшырылышы керек.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.