Президенттикке талапкерлер үчүн документтердин формасы жана тизмеги бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Президенттик кызматка талапкерлер берүүчү документтердин тизмеги:
-Талапкердин арызы;
-Талапкерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ саясий партиянын съездинин чечими;
-Саясий партиядан кѳрсѳтүлүүгѳ макулдугу жѳнүндѳ талапкердин арызы;
-Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу маалымат;
-Чет мамлекеттин жарандыгы бар же жоктугу (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыгы) боюнча жеке маалыматтарды териштирүүгө жазуу түрүндө макулдугу;
-Шайлоолорго катышуудан баш тартуу тууралуу талапкердин арызы;
-Талапкер жѳнүндѳ маалымат;
-Талапкердин паспортунун кѳчүрмѳсү;
-Иштеген же окуган жеринен маалымкат;
-Шайлоо күрөѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документ.
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.
БШКга президенттикке катышуу үчүн бир талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алгачкы талапкер “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, ал президенттикке өзүн-өзү көрсөтүүдө.