Биз менен байланышыңыз

Эмомали Рахмондун инаугурациясы өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 427 | 0

Бүгүн, 30-октябрда Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмондун инаугурациясы өттү. Бул тууралуу «ТАСС» маалымат агенттиги жазды. Салтанатты «Тажикстан» мамлекеттик каналы түз алып көрсөтүп жатат.

«Улут» сарайында Эмамоли Рахмонго президенттик белгилер ыйгарылды. Андан ары иш-чара «Кохи Сомон» улуттук комплексинде уланат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын башчысы Бахтиёр Худоёрзода өлкө башчысына президенттик күбөлүк, ал эми Тажикстан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Абдулхафиз Ашурзода президенттик бийликтин символу – Тажикстан президентинин белгисин тапшырды.

Эмамоли Рахмон 2020-жылдын 11-октябрында 5-жолу президент болуп шайланган. Ал 90% добуш менен шайлоодон утуп чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM