Бүгүн, 30-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 854 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда суунун агып келиши секундасына 201 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 459 куб метрге жетүүдө.
1-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 201 млн куб метрди түзүп турган. 5-октябрда 5 млрд 194 млн куб метр суу бар болчу.