Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын бөлүм башчысы кармалды

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 368 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери пайда табуу үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз талкалап салышкан. Мындан улам мамлекетке материалдык чыгым келтирилген.

Жобого ылайык, вагондорду бузуу Мамлекеттик мүлк фондунун адисинин катышуусу менен өтүшү керек. Бирок фонд вагондорду жок кылууга уруксат кагазын бербегенин билдирди.

Кармалган жетекчинин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан тандалат. Учурда чыгымдын көлөмү такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM