Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги буу боюнча түшүндүрмө

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 490 | 0

Бишкек жылуулук электр борборунун аймагындагы түтүнгө байланыштуу Улуттук энергохолдинг ишканасы түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматына караганда, жогорку чыңалуудагы тармактарда системалык авария болгонуна байланыштуу, Бишкек ЖЭБиндеги энергетикалык жабдуулардын авариялык коргоосу иштеген. Бул электр тутумундагы авариялык абалды андан ары жайылтпоо үчүн жасалууда.

Тургундар байкаган түтүн буу казан агрегаттарынын иштен чыгышына жол бербөө үчүн жабдуудан чыккан буу болуп саналат.

Учурда жогорку чыңалуудагы тармактардагы системанын иштен чыгуу себептери иликтенүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM